1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

70

Социалдык иш адистигинин “Бүтүрүүчүнүн модели” талкууланды

Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсынын окутуучулары Анарбай кызы Айтбү жана Надырбекова Наргиза Надырбековна тарабынан социалдык иш адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – социалдык иш адистигинин “бүтүрүүчүнүн моделин” талкуулоо, бүтүрүүчүлөрдүн эмгек тажрыйбасы менен таанышуу жана адистиктин өнүгүүсүнө байланыштуу сунуштарды алуу болду.

Жолугушууга учурда Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында иштеп жаткан СРк-2-21 тайпасынын бүтүрүүчүсү Сакиева Динара Каныбековна, СРк-01-23 тайпасынын бүтүрүүчүсү Кадырова Ырыскан Ибрагимовна, Турдалиева Жанетта, СРк-2-24 тайпасынын бүтүрүүчүсү Бекболотова Гулзина, ошондой эле ЖАМУнун социалдык иш адистигинин бүтүрүүчүсү, учурда Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы болуп иштеген Жакыпова Назира Алмазбековна катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Анарбай кызы Айтбү социалдык иш адистигинин “бүтүрүүчүнүн модели” тууралуу кеңири маалымат берип, анын негизги максаты — кесиптик компетенцияга ээ, социалдык маселелерди натыйжалуу чече алган жана коомдук жоопкерчилиги жогору адистерди даярдоо экенин белгиледи.

Жакыпова Назира Алмазбековна социалдык кызмат көрсөтүү тармагындагы өзгөрүүлөр, бүтүрүүчүлөрдүн практикалык даярдыгы жана билим берүү уюмдары менен мамлекеттик мекемелердин кызматташтыгы тууралуу өз ой-пикирин бөлүштү.

Сакиева Динара Каныбековна, Кадырова Ырыскан Ибрагимовна, Турдалиева Жанетта жана Бекболотова Гулзина социалдык иш адистигинин өнүгүүсүнө байланыштуу сунуштарын айтып, билим берүү программаларын эмгек рыногунун талаптарына ылайык өркүндөтүү жана практикалык сабактардын сапатын жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.

Жыйынтыгында социалдык иш адистигинин өнүгүү стратегиясы жана бүтүрүүчүлөр менен колледждин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.

Бул иш-чара адистиктин сапатын жогорулатууга жана практик адистер менен билим берүү процесси ортосундагы байланышты бекемдөөгө чоң өбөлгө түздү.