1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

76

"Билим берүү процессиндеги баалоо техникасы: натыйжалуулук жана колдонуу өзгөчөлүктөрү"

Бүгүн Экономика жана укук колледжинде окутууну натыйжалуу жүргүзүү жана студенттердин жетишкендиктерин калыс баалоо максатында *"Баалоо техникасы"* темасында мини-тренинг болуп өттү.

Иш-чараны колледждин окуу-усулдук иштер боюнча инспектору *Орозова Жазгүл* уюштуруп алып барды. Тренингге колледждин директору *Ташматова Айнагүл Акылбековна* да катышып, педагогдордун кесиптик өнүгүүсүнө багытталган мындай тренингдердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар баалоонун заманбап ыкмалары, формативдик жана суммативдик баалоо, ошондой эле студенттердин иш-аракеттерине жараша калыс баа берүү инструменттери тууралуу практикалык маалымат алышты. Окутуучулар топтук талкууларга катышып, реалдуу сабактардын мисалында баалоо техникасын колдонуу жолдорун үйрөнүштү.

Бул иш-чара окутуучулардын сабактарда баалоону туура колдонуу жөндөмүн өнүктүрүүгө жана билим берүү процессин жакшыртууга чоң салым кошту.