1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

11 месяцев назад

152

1

Ата -энелер чогулушу

     Б.Осмонов атындагы экономика-юридикалык колледжинде ФК-3-23 тайпасынын студенттеринин ата-энелерине куратор Н.Айылчиева чогулуш өттү.Чогулуштун  максаты  2023-2024 окуу жылынын биринчи жарым жылдыктагы студенттердин сабакка жетишүүсүн, катышуусун анализдөө жана алардын тартиби боюнча маалымат берүү .Чогулушка колледждин директору э.и.д.,профессору А.Б.Карбекова катышып, ата-энелерге азыркы жаштар арасындагы көйгөйлөргө токтолуп, алардын чечүү жолдорун айтып өттү. Чогулушта студенттердин билими, тартиби жана азыркы коомдогу балдарды  б.а. муундагы  балдарды тарбиялоонун жолдору жөнүндө ата-энелерге жана студенттерге текст түрүндөгү тапшырмалар, анкеталар, оюндар  берилип, аларды аткаруу менен тарбиялоо жолдорун  билип, көйгөйлөрдү чечишти. Ата-энелер чогулушка активдүү катышты . Жыйынтыгында ата-энелер окуу жайдын окутуучуларына, кураторуна ийгиликтерди каалап, студенттерди мыкты адис болуп чыгышына үмүттөрү чоң экенин айтышты .