1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

76

Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсынын окутуучуларынын жумуш берүүчүлөр менен кызматташуусу

Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсынын окутуучулары жумуш берүүчүлөр менен кызматташтык байланышты бекемдөө жана билим берүү программаларынын сапатын жогорулатуу максатында жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуу Манас шаардык социалдык фонд башкармалыгында жана Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында болуп өттү. Иш-чарага Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Жакыпова Назира Алмазбекова, Манас шаардык социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Э. Шамиева, ПЦКнын башчысы Наргиза Надырбековна, практика жетекчиси Анарай кызы Айтбү, ПЦКнын методикалык кеңешинин башчысы Эрлан Таалайбекович жана башка окутуучулар катышышты.

Жолугушууда негизги билим берүү программасы, практиканын жумушчу программасы жана сабактардын жумушчу программалары кеңири талкууланды.

Анарай кызы Айтбү студенттик практиканын мазмуну жана жүрүшү боюнча маалымат берип, мекемелерден келген сунуштардын негизинде программаларга жаңылоо жана өзгөртүүлөр киргизилгенин белгиледи. Ошондой эле практикадагы иш-аракеттер, баалоо критерийлери жана жол карталары каралды.

Эрлан Таалайбекович 2025–2026-окуу жылына карата студенттердин тандоосу менен киргизиле турган предметтерди талкуулап, анын жыйынтыгында «Социалдык геронтология» жана «Жаштар менен социалдык иш» предметтерин окуу планына киргизүү сунушталды.

Ал эми Манас шаардык социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Э. Шамиева практиканын жумушчу программасын өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын билдирди.

Бул талкуулар билим берүү программаларынын сапатын жакшыртууга, студенттердин практикалык көндүмдөрүн өрчүтүүгө жана алардын кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталды.