1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

91

Каржы адистигиндеги практиканын сапатын жогорулатуу боюнча жолугушуу

         Бүгүн, 2025-жылдын 5-ноябрында Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын окутуучулары Э.Э. Кадырова жана А.К. Калмурзаева тарабынан каржы адистигинин  негизги билим берүү программасын (НББП), бүтүрүүчүлөр моделин жана практиканын жумушчу программасын талкуулоо максатында жолугушуу уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты — практиканын жол картасынын мазмунун каржы мекемелеринин жана ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкеш келтирүү, студенттердин практикалык билимин рыноктун талаптарына ылайык өнүктүрүү болду.

        Бул саамалыкта  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Манас шаардык финансы башкармалыгынын казына бөлүмүнүн башчысы Сартбаев Айбек Равшанбекович, Манас шаарындагы “Оптима Банк” филиалынын жетекчиси Паизов Жаркынбек Мамазакирович жана “Дос-Кредо Банк” филиалынын кардарларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы Казаков Таалай Казакович менен жолугушуу болду.

         Талкуунун жүрүшүндө практиканын жумушчу программасынын айрым пункттарын кайра карап чыгып, иш жүзүндө колдонулушун жакшыртуу, купуя маалыматтарды камтыган бөлүктөрдү коопсуздук талаптарына ылайык өзгөртүү жана айрым материалдарды мекемелердин расмий сайттары аркылуу өз алдынча өздөштүрүү боюнча сунуштар берилди.

          Жыйынтыгында тараптар билим берүү процессин өндүрүштүк чөйрө менен тыгыз байланышта жүргүзүү зарылдыгын белгилешип, студенттердин реалдуу финансылык чөйрөдө иш алып баруу жөндөмүн өркүндөтүүгө багытталган биргелешкен кадамдарды макулдашышты.