1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

58

Психолог Дильнура Ташбекова ЭУКта конокто

Бүгүн   2025-жылдын 5-ноябрында  Экономика жана укук колледжинин  студенттери үчүн өтө пайдалуу жана кызыктуу жолугушуу болуп өттү. Иш-чара ЭУКтун директорунун мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча орун басары Айпери Курманбекова тарабынан уюштурулду.

Колледжге белгилүү психолог Дильнура Ташбекова чакырылып, студенттер менен жеке өнүгүү, ички мотивация жана ийгиликке жетүү жолдору тууралуу баарлашты.      Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер ачык диалогго тартылып, өздөрүн кызыктырган: окуудагы стрессти башкаруу, максат коюу жана өзүн-өзү таануу сыяктуу суроолорго кесипкөй жоопторду ала алышты. Дильнура Ташбекованын кеңештери жаштарга келечектеги кесибинде жана жеке жашоосунда ийгиликке жетүү үчүн психологиялык пайдубалды түптөөгө чоң өбөлгө түздү. Иш-чаранын соңунда Экономика жана укук колледжинин директору Айнагүл Акылбековна сөз сүйлөп, Дильнура Ташбековага студенттерге көрсөткөн баалуу маалыматы жана тажрыйбасы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Салтанаттуу түрдө Ыраазычылык кат тапшырылды."Мындай жолугушуулар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, аларды жаңы ийгиликтерге шыктандырат," — деп белгиледи колледждин жетекчилиги.