1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

64

1

Жаркын жана Чыгармачыл Хэллоуин Экономика жанан укук колледжинде

Экономика жана укук колледжинде студенттерди чыгармачылыкка шыктандыруу жана дүйнөлүк маданияттар менен тааныштыруу максатында, англис тилиндеги "Rainbow" ийриминин алкагында өзгөчө иш-чара болуп өттү.

Кызыктуу көз ирмемдер:

Студенттер Хэллоуин майрамынын атмосферасын түзүп, жүздөрүн ар кандай креативдүү боёктор менен боёп келишти.

Иш-чаранын катышуучулары өздөрүнүн кызыктуу бийлерин тартуулап, көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрүштү.

Майрамдык дасторкондон ашкабактан жасалган даамдуу таттуулар сунушталды.

Бул иш-чара студенттерди биргелешип чыгармачылыкка шыктандырууга жана англис тилин үйрөнүү менен бирге дүйнөлүк элдердин салттуу майрамдарын билүүгө багытталды.

Иш-чараны колледждин англис тили окутуучулары Н.Айылчиева жана Н.А.Кочкорова ийгиликтүү уюштурушту.