1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

156

Билим берүүдөгү жаңылануу: 5E модели Кембридж технологиясы

Экономика жана укук колледжинде заманбап билим берүүнүн талаптарына ылайыкташкан “5E модели” боюнча мини-тренинг болуп өттү. Иш-чара билим берүүдөгү жаңылануулар жана окутууда активдүү методдорду колдонуу темаларына арналды.

Тренингди колледждин окуу-усулдук иштер боюнча башчысы Орозова Жазгүл алып барды. Ал катышуучуларга 5E модели (Engage, Explore, Explain, Elaborate, Evaluate) аркылуу сабакты пландап, окутууну натыйжалуу жүргүзүүнүн жолдорун, ар бир этаптын мазмуну жана максаттарын түшүндүрүп берди.

Тренинг учурунда катышуучулар теориялык маалыматтардан тышкары практикалык тапшырмалар менен да иштешип, топтордо өз алдынча сабактын структурасын түзүүгө аракет кылышты. Бул ыкма мугалимдерге сабактын жүрүшүндө студенттердин кызыгуусун арттырууга жана терең билим берүүгө багытталган эффективдүү инструмент катары сунушталды.

Иш-чарага колледждин директору Ташматова Айнагүл Акылбековна да катышып, билим берүүнү жаңылоодо мындай семинар-тренингдердин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал мугалимдерди жаңы методдорду практикада активдүү колдонууга үндөдү.

Бул тренинг окутуучулар үчүн теория менен практиканы айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн берип, билим берүүдө сапатты жогорулатууга салым кошту.