1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

130

Экономика жана укук колледжинде укук коргоо органдары менен жолугушуу өткөрүлдү

Бүгүн Экономика жана укук колледжинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте студенттер арасында түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын укуктук маданиятын жогорулатуу, мыйзамды урматтоо сезимин күчөтүү жана укуктук жоопкерчилик тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү болду.

Жолугушууга шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Манас ШИИБ нүн МАЫӨү милициянын улук лейтенанты Бектемиров Эрнис Эркинбекович катышып, студенттерге жаштар арасында көп кездешкен мыйзам бузуу фактылары, интернет коопсуздугу, жол эрежелерин сактоо жана коомдук тартипти камсыздоо маселелери боюнча пайдалуу маалыматтарды беришти.

Ошондой эле студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, укук коргоо кызматкерлеринен түшүндүрмөлөрдү алышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамды бузбоонун мааниси, жарандык жоопкерчилик жана коомдук тартипти сактоонун зарылдыгы белгиленди.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар мындай жолугушуулар жаштардын туура багыт алышына жана мыйзамга сый мамиле кылууга өбөлгө болорун баса белгилешти.