1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

164

Баткен окуясынын ардагерлери менен жолугушуу

 Баткен окуясынын аякташына 25 жыл. 2025-жылдын 24-октябрында, “1999–2000-жылдардагы Баткен окуясында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду эскерүү” иш-чарасы Экономика жана укук колледжинде   болуп өттү.  Иш-чарага  ардагерлер   Сатыбаев Жалил  жана Алымжан уулу Жыргалбек  келип катышты. “Баткен окуясы — 1999-2000-жылдары Кыргызстанда болуп өткөн маанилүү жана тарыхий окуя катары баарыбыздын эсибизде. Биз бүгүн Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн коргоп жатып, аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду эскерип турабыз. Мамлекеттин эгемендиги жана эркиндиги үчүн өмүрүн берген баатырлардын элеси дайыма жүрөгүбүздө. Баткен облусундагы күжүрмөн аракеттерге катышкандардын каармандыгы жана эрдиги эч качан унутулбайт” -  деп белгиледи өз сөзүндө ЭУКтун директору Айнагул Акылбековна.

 Гүлдө Баткен! Гүлдөсүн өрүктөрүң, Күндү уялтсын күлмүңдөп өнүккөнүң. Орозодо окко учуп жан беришкен, Гүл жыттанып уктасын шейиттериң! - деп жолугушууга келген ардагерлерге сөз берилди.  Сатыбаев Жалил  жана Алымжан уулу Жыргалбек   агайлар студенттерге өздөрүнүн баштарынан өткөн оор күндөрду айтып беришип, жаштарга Ата-Мекенди сүйүүгө, патриот болууга ар кандай учурда Мекенге болгон сүйүү биринчи орунда болуусун айтып өтүштү. Студенттер берген кызыктуу суроолорго жооп беришип, жолугушуу учурунда атйын даярдалган видеоролик менен  аяктады.