1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

155

«ДосКредо Банк» өкүлдөрү менен пайдалуу жолугушуу

     Экономика жана укук колледжинде жумуш ордунда окутуунун алкагында экономика  ПЦКсынын окутуучусу А.Калмурзаева  тарабынан студенттер үчүн «ДосКредо Банкынын» өкүлдөрү менен жандуу жана пайдалуу жолугушуу уюштурулду.

      Иш-чарага операциялык бөлүмдүн башчысы Казаков Таалайбек Казакович жана анын адистери катышып, студенттерге «Ишкананын насыя алуу формалары, банк насыя-ларынын түрлөрү, алардын экономикалык максаты жана банктык насыялоонун негизги принциптери» боюнча кеңири маалымат беришти. Лекция маегинин жүрүшү жандуу суроо-жооп форматында өтүп, студенттерди кызыктырып, теориялык билимди практикалык мисалдар менен айкалыштырып берди.

      Мындан тышкары, студенттерге каржылык сабаттуулук боюнча кеңири түшүндүрмө берилип, жаштардын каржы дүйнөсүндө туура чечим кабыл алуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган сунуштар айтылды. Өзгөчө көңүл жеке маалыматтарды коргоо, фишинг жана вишинг сыяктуу алдоо ыкмаларын таануу боюнча практикалык тапшырмаларга бурулуп, студенттер үчүн пайдалуу сабак болду.

      Колледж жамааты «ДосКредо Банктын» өкүлдөрүнө келечектеги экономисттердин кесиптик өнүгүүсүнө кошкон салымы жана үзүрлүү кызматташтыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

      Мындай жолугушуулар студенттерге чыныгы адистер менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн берип, алардын кесибине болгон кызыгуусун арттырып, жаңы шыктарга жетелейт деген ишеним чоң.