1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

124

Экономика жана укук колледжинде жумуш ордунда окутуулар уюштурулууда

Экономика жана укук колледжинин социалдык иш ПЦКсынын окутуучусу Анарбай кызы Айтбү тарабынан СРк-2-24 тайпасынын студенттерине «Социалдык кызматтарды уюштуруу» предметинен Манас шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

Окутуу процессинин жүрүшүндө студенттер окуу жайда алган теориялык билимдерин мекеменин иш жүзүндөгү тажрыйбасы менен айкалыштырып, практикалык көндүмдөрүн бекемдешти. Суроо-жооп форматындагы талкуулар жана интерактивдүү тапшырмалар өткөрүлүп, студенттердин активдүүлүгү жогору болду.

Ошондой эле, социалдык иш адистигинин бүтүрүүчүсү, учурда аталган башкармалыктын кызматкери болуп эмгектенген Турдалиева Жаннета студенттерди мекеменин ишмердүүлүгү менен тааныштырып, өзүнүн практикалык тажрыйбасы менен бөлүштү.