1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

138

Экономика жана укук    колледжинде “Даанышман” интеллектуалдык оюну

Экономика жана укук колледжинде жаштар комитети тарабынан уюштурулган “Даанышман” интеллектуалдык оюну  болуп өттү. Иш-чаранын максаты  — студенттердин интеллектуалдык потенциалын өстүрүү, логикалык , ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү, билимге болгон кызыгуусун арттыруу, команда менен иштөө көндүмдөрүн бекемдөө жана ар тараптуу билимин көрсөтүүгө шарт түзүү болуп саналат. Ошондой эле, мындай оюндар аркылуу студенттердин чыгармачыл жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, билим берүү процессине мотивацияны күчөтүү көздөлөт. Бул иш- чарага колледждин  эң мыкты студенттери тарабынан түзүлгөн командалар катышты. Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Назгул Абдыгапаровна белгилегендей, мындай интеллектуалдык оюндардын өткөрүлүшү — жаштардын билимге, өнүгүүгө жана жаңы идеяларга умтулуусунун айкын далили. “Даанышман” сыяктуу оюндар студенттерге өз билимин гана эмес, командалык биримдигин, достук мамилесин жана ынтымакты бекемдөөгө да зор мүмкүнчүлүк берет. Бул – билим менен бирге ой жүгүртүү маданиятын да калыптандыруучу маанилүү аянтча.  Катышуучулар логикалык, тарыхый жана маданий багыттагы суроолорго жооп берип, өздөрүнүн терең билимдерин, тапкычтыгын жана логикалык ой жүгүртүүсүн даана көрсөтүштү.Оюндун жыйынтыгы боюнча 1-2-орунду  ФКк-2-24, ФКк-4-24 тайпасы , ал эми 3-орунду УТк-7-25 командалары багындырды. Катышуучулар өздөрүнүн билимине, тапкычтыгына жана логикасына таянып, мыкты натыйжаларды көрсөтүштү. Мындай иш-чаралар келечекте да улантылып, жаштардын интеллектуалдык өнүгүүсүнө чоң салым кошору белгиленди.Белгилей кетсек, оюн ар бир колледждер арасында өткөрүлүп, ЖАМУнун мыкты командасы тандалып алынат.