1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

146

Экономика жана укук колледжинде тематикалык сабактар өткөрүлдү

Бүгүн Экономика жана укук колледжинде ар түрдүү дисциплиналар боюнча тематикалык сабактар өтүп, студенттердин предметке болгон кызыгуусун арттырды. Сабактардын жүрүшүнө колледждин директору Ташматова Айнагүл Акылбековна жана окуу-усулдук иштеринин башчысы Орозова Жазгүл байкоо жүргүзүшүп, окутуучуларга усулдук сунуштарын беришти.

Макеев Бекбол – Экономикага киришүү сабагын өтүп, студенттерге экономикалык түшүнүктөрдү, суроо-талап менен сунуштун байланышын жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде түшүндүрүп берди.

Доноева Гулмайрам – “Кыргыз Республикасынын Президенти” темасында укук жана тарых багытында сабак өтүп, президенттин укуктук статусу жана башкаруудагы орду тууралуу кеңири маалымат берди.

Азам кызы Жийдегүл – математика сабагынан “Рационалдык көрсөткүчтүү даража жана анын касиеттери” темасында сабак өтүп, теорияны практикалык тапшырмалар менен айкалыштырды.