1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

183

Өндүрүштүк практика – теория менен тажрыйбанын алтын көпүрөсү

Б. Осмонов атындагы Экономика жана укук колледжинде БЭк-2-23, Фк-2-23, Фк-3-23 жана ССк-2-23 тайпаларынын студенттерин өндүрүштүк практикасына жөнөтүүгө арналган конференция болуп өттү. Иш-чарага ЭУКтун директору А.А. Ташматова, өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Н.А. Айылчиева, ошондой эле Экономика ПЦКсынын практика жетекчилери катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө А.А. Ташматова студенттерге практика учурунда тартипти жана коопсуздук эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертип, өндүрүштүк практика келечектеги адистер үчүн билимди бекемдеп, иш жүзүндөгү көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана илимий-изилдөө жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Экономика ПЦКсынын практика жетекчиси А. Калмурзаева студенттерге практика өтүүнүн негизги эрежелери, баалоо системасы жана жетекчилер менен тыгыз кызматташуу боюнча кеңири маалымат берди.

Ошондой эле практика жетекчилери тарабынан кошумча түшүндүрмөлөр берилди: Г. Бекиева студенттерге практика күндөлүгүн туура жана толук түрдө жүргүзүү тартиби тууралуу айтып өтсө, Э. Кадырова коопсуздук эрежелерин сактоо жана эмгек тартибин кармануу боюнча кеңири маалымат берди.

Өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Н.А. Айылчиева өз сөзүндө өндүрүштүк практиканын теория менен иш жүзүндөгү тажрыйбанын ортосундагы маанилүү көпүрө экенин белгилеп, бул процесс студенттерге өз күчүнө ишеним жаратып, келечектеги кесиптик карьерасына даярданууга жардам берерин айтты. Ал студенттерге ийгилик жана жемиштүү практика өткөрүүнү каалады.

Бул иш-чара студенттер үчүн маанилүү багыт берүүчү кадам болуп, алардын профессионалдык өнүгүүсүнө жана өз алдынча иш жөндөмүн калыптандырууга чоң салым кошту.