1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

163

Экономика жана укук колледжинин студенттери өндүрүштүк практикасын өтөп башташты

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсына караштуу «Каржы (тармактары боюнча)», «Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактары боюнча)» жана «Салык жана салык салуу» адистиктеринин 3 курсунун студенттери — окуу планына ылайык өндүрүштүк практикасына өтөөгө жөнөтүлдү. Практиканын алкагында студенттер Манас шаарынын, ошондой эле Сузак жана Базар-Коргон райондорунун аймагындагы мамлекеттик жана жеке менчик мекеме-ишканаларга бөлүштүрүлдү. Ар бир студентке жетекчи бекитилип, алар тарабынан практиканын жүрүшүндө аткарылуучу иштер, отчетторду даярдоо тартиби жана баалоо критерийлери боюнча түшүндүрмө иштер жүргүзүлдү. Өндүрүштүк практиканын негизги максаты — студенттердин теориялык билимдерин иш жүзүндө колдонууга, кесиптик көндүмдөрүн чыңдоого жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган. Практика учурунда студенттер бухгалтерия, каржы, маркетинг, башкаруу жана салык системалары боюнча бөлүмдөрдө иш алып барып, өндүрүштүн реалдуу шарттарында өз адистигине тиешелүү тажрыйба топтошууда. Алар мекемелердин ички түзүмү, каржылык документтерди жүргүзүү, эсептешүүлөр жана кардарлар менен иштөө тартиби менен жакындан таанышып жатышат. Практиканын жыйынтыгында студенттер өз иштеринин негизинде отчетторун даярдап, атайын комиссиянын алдында отчетторун коргоойт. Бул этап алардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн, кесиптик жоопкерчилигин жана өз алдынча иш алып баруу жөндөмүн баалоого мүмкүнчүлүк берет.