1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

129

Студенттер окуу-өндүрүштүк практикага жайгаштырылды

Бүгүн, 27-октябрдан тарта, Экономика жана укук колледжинин социалдык иш адистигинин студенттери окуу графигине ылайык окуу-өндүрүштүк практикага чыгышты.

Студенттер төмөнкү мекемелерге жайгаштырылды:

Манас шаардык социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы;

Манас шаардык социалдык фонд башкармалыгы;

Көк-Жангак шаардык мэриясы;

Базар-Коргон шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы;

Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл-Ай коомунун Жалал-Абад областык филиалы.

Студенттерди аталган мекемелерге практика жетекчилери Айтбү Анарбай кызы жана Наргиза Сатымкулова жайгаштырышты. Ар бир мекемеде кызматкерлер студенттерди коопсуздук жана санитардык-гигиеналык эрежелер менен тааныштырып, ошондой эле мекеменин негизги функциялары жана иш багыттары тууралуу маалымат беришти.

Бул практика студенттерге теориялык билимди практика менен айкалыштырып, келечектеги кесиптик даярдыгын бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.