1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

124

ЭУКтун социалдык иш ПЦКсында ата-энелер жыйыны болуп өттү

 “Б.Осмонов атындагы ЖАМУ илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси” алдындагы экономика-юридикалык колледжинин социалдык иш ПЦКсынын СРк-2-23, СРк-2-24, СРк-01-25, СРк-2-23 тайпаларынын студенттеринин ата-энелер жыйыны болуп өттү.

           Жыйынга ЭУКтун директору А. А. Ташматова, ЭУКтун өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н. А. Айылчиева, Социалдык иш ПЦКсынын башчысы Н.Н.Сатымкулова, Жалпы билим берүү ПЦКсынын башчысы М. Ж. Асанова, кураторлор А. Анарбай кызы,  Аззам к Ж., В. Карагулова, Э. Т. Молдомиров ж.б. катышышты.

Социалдык иш ПЦКсынын башчысы Н.Н. Сатымкулова алгач күн тартибиндеги каралуучу маселелер менен тааныштырды. ЭЮКтун директору колледждеги окуу процесси туурасында айтып  өттү. Ошондой эле жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, билим алуунун башкача баскычтарын өздөштүрө алышканын баса белгиледи. ЭУКтун өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н. А.Айылчиева ата-энелерге практика жана карьера боюнча толук маалымат берди. Н.Н.Сатымкулова окуу процессиндеги AVN системасы, электрондук журнал, модуль, экзамен боюнча маалымат берип өттү. Ар бир тайпанын кураторлору ата-энелерге окуу төлөмдөрү боюнча, АVN порталы боюнча, студенттер аны менен иштей билүүсү тууралуу маалыматтар берилди.

Окуудагы, тарбиялык иштердеги жакшы жетишкендиктери үчүн студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды. Чогулуштун аягында ата-энелер окутуучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.