1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

138

Экономика жана укук колледжинде социалдык иш адистигинин студенттерин окуу-өндүрүштүк практикага жиберүү боюнча конференция өттү

Экономика жана укук колледжинде социалдык иш адистигинин СРк-2-23 тайпасынын студенттерин окуу графигине ылайык окуу-өндүрүштүк практикага жиберүү боюнча конференция болуп өттү.

Конференцияга колледждин директору А.А. Ташматова катышып, студенттерге кайрылуу сөзүн сүйлөдү. Ал өз сөзүндө студенттерди алдыдагы практикага жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырып, практиканын мааниси тууралуу төмөнкүлөрдү белгиледи:

> “Окуу-өндүрүштүк практика — бул студенттер үчүн теориялык билимди иш жүзүндө колдонуп көрүү, кесиптик көндүмдөрдү өркүндөтүү жана келечектеги адистик ишмердүүлүккө даярдануу үчүн маанилүү баскыч. Ар бириңер бул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, өз билимиңерди практикада көрсөтүүгө аракет кылыңыздар,” — деди А.А. Ташматова.

Конференциянын жүрүшүндө социалдык иш ПЦКсынын практика боюнча жетекчиси Анарбай кызы Айтбү, практика жетекчилери Н.Н. Сатымкулова жана Э. Молдомиров студенттерге практиканын максаттары, милдеттери жана уюштурулушу тууралуу кеңири маалымат беришти.

Ошондой эле колледждин карьера жана практика боюнча жетекчиси Н.А. Айылчиева студенттерге практиканын жүрүшү, иш берүүчү уюмдар менен байланыш жана отчетторду даярдоо боюнча маанилүү түшүндүрмө берди.

Конференцияда студенттер активдүү катышып, практикага байланыштуу суроолорун берип, жетекчилерден тиешелүү жоопторду алышты.

Бул конференциянын негизги максаты — студенттерди өндүрүштүк чөйрөдө иш жүзүндө тажрыйба топтоого даярдоо жана социалдык иш тармагында профессионалдык көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.