1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

120

ЭУКтун окутуучусу "Баткен согушуна 25 жыл" юбилейлик медалы менен сыйланды

Экономика жана укук колледжинин жамааты чоң кубаныч менен билдирет!

Колледжибиздин Аскерге чейинки даярдык предметинин окутуучусу Алымжан уулу Жыргалбек Кыргыз Республикалык Баткен согушунун ардагерлер Кеңеши тарабынан "Баткен согушуна 25 жыл" юбилейлик медалы менен сыйланды.

Бул жогорку сыйлык Алымжан уулу Жыргалбектин 1999-2000-жылдардагы Баткен коогалаңында Ата Мекенибиздин бүтүндүгүн коргоодо көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн берилди.

Колледждин директору А.Ташматова окутуучуну бул маанилүү сыйлыгы менен куттуктап, төмөнкүлөрдү белгиледи:

"Алымжан уулу Жыргалбек – биздин жамааттын сыймыгы. Ал өз учурунда чыныгы жоокердик милдетин аткарып, мекенчилдиктин жогорку үлгүсүн көрсөткөн. Анын эмгеги жана эрдиги бүгүнкү жаш муун үчүн чоң тарбиялык мааниге ээ. Биз ага чың ден соолук, ийгиликтерди жана педагогикалык ишинде жаңы жетишкендиктерди каалайбыз. Мындай каарман инсандардын биздин колледжде эмгектенип жатышы - биз үчүн чоң артыкчылык!