1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

154

 Окутуучулар үчүн семинар-чогулуш

Тема: Сабакка максат коюу жана убакытты рационалдуу пайдалануу

Бүгүн, Экономика жана укук колледжинин окутуучулар жамааты үчүн квалификацияны жогорулатуу максатында маанилүү чогулуш болуп өттү.

Негизги максат: Окутуучулардын сабактарды пландаштыруу жана өтүү көндүмдөрүн арттыруу, билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу.

Чогулуштун жүрүшүндө төмөнкү темалар талкууланды:

Сабакка максат коюу: SMART критерийлеринин негизинде (конкреттүү, өлчөнүүчү, жетишилүүчү, реалдуу, убакыт менен чектелген) окуу максаттарын туура аныктоо жана студенттерге жеткирүү ыкмалары.

Убакытты рационалдуу пайдалануу: Сабак учурундагы ар бир мүнөттү максималдуу пайдалануу, маанилүү материалга басым жасоо жана сабакта студенттердин активдүүлүгүн арттыруу жолдору.

Семинарды өткөргөндөр:

Колледждин директору Ташматова А.А.

Карьера жетекчиси Айылчиева Н.

Усулдук иштер боюнча адис Ж.А. Орозова болду.

Чогулуштун катышуучулары талкууланган ыкмаларды окуу процессинде колдонуп, билим берүү сапатын дагы да жогорулатууга даяр экендиктерин билдиришти.