1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

148

ЭУКта  Социалдык кызматкерлердин кесиптик күнү белгиленди

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси алдындагы  Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсы тарабынан ушул жылдын 21-октябрь күнү социалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына арналган “Жүрөктү бириктирген кесип” аталышындагы маданий иш-чара  уюштурулуп, иш берүүчүлөрдүн, Социалдык иш адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн, ата-энелер жамаатынын, окуу жайдын администрациясы, окутуучулук курамы жана студенттеринин катышуусунда  жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Маданий иш-чараны Экономика жана укук колледжинин директору Ташматова Айнагуль Акылбековна социалдык кызматкерлердин күнү менен куттуктап, расмий ачып берди. Колледждин директору өз сөзүндө социалдык иш адистигинин колледж алкагында түзүлгөндүгүнүн тарыхы жана коомдо ээлеген орду боюнча токтолуп өттү. Сөздү Социалдык иш ПЦКсынын башчысы Сатымкулова Наргиза Надырбековна улантып, Социалдык иш ПЦКсы өткөргөн жана катышкан коомдук иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.   

Иш-чара СРк-2-23, СРк-2-24, СРк-01-25, СРк-2-25, СРк-3-25 тайпалары даярдаган концерттик программа менен коштолуп, келген коноктор иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, окууларына жана иштерине ийгиликтерди каалап кетишти.