1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

145

Экономика жана укук колледжинде сабактарга байкоо жүргүзүү

Экономика жана укук колледжинде окуу усулдук иштер боюнча инспектору Орозова Жазгүл тарабынан окутуучуларга методикалык колдоо көрсөтүү, окутуучунун сабакка даярдык деңгээлин көрүү максатында сабактарга байкоо жүргүзүү уланууда. Экономика жана укук колледжинин бардык окутуучуларынын күнүмдүк сабактарына алдын ала айтылбай кирип  катышуу жүрүп жатат. Бүгүн ЖББ ПЦКсынын Санариптик сабаттуулук предметинен берген окутуучу Мамашова Акзиректин, Социалдык иш адистигинин окутуучусу Сатымкулова Наргиза эжекелердин сабактарына байкоо жүргүзүлдү. Жогорудагы аты аталган окутуучулар окуу процессинде студенттерге бирдей мамиле жасап, убакыттын рационалдыгын туура пайдаланып топтоо жана жекече иштеп, студенттерге көп деңгээлдүү, критикалык ой жүгүртүүчү тапшырмаларды берди. Студенттерди түрдүү тапшырмаларды аткаруу деңгээлине карап баалады.