1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

149

Экономика жана укук колледжинде кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жолугушуу өттү

2025-жылдын октябрь айында Экономика жана укук колледжинде студенттер арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага колледждин директору Ташматова А.А., окутуучулар жана студенттер катышышты.

Жолугушууда Ташматова А.А. жаштар арасында мыйзамды сактоонун маанисин белгилеп, укуктук маданиятты жогорулатуу боюнча кеңири маалымат берди. Ошондой эле студенттерге:

• коомдук тартипти сактоо,

• зомбулукка жана терс көрүнүштөргө каршы туруу,

• интернет коопсуздугун камсыз кылуу,

• жарандык жоопкерчилик жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди.

Иш-чарага жергиликтүү ички иштер органдарынын өкүлдөрү да чакырылып, алар студенттер менен ачык маек өткөрүшүп, мыйзам бузуу менен байланышкан кырдаалдардын кесепеттери тууралуу түшүндүрүштү.

Жолугушуу жигердүү талкуу менен коштолуп, студенттер пайдалуу маалыматтарга ээ болушту. Колледж администрациясы мындай иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүүнү уланта тургандыгын белгиледи.