1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

159

Манас шаарында “Бош иш орундар жана кесиптер жарманкеси” өткөрүлдү

22-октябрь күнү Манас шаарында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан “Бош иш орундар жана кесиптер жарманкеси” уюштурулду. Бул иш-чаранын негизги максаты — жумуш издеп жүргөн жарандарга жумушка орношууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле жаштардын кесипке болгон кызыгуусун арттыруу жана эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөр менен тааныштыруу болуп саналат. Жарманкеге Манас шаарындагы ар түрдүү мекеме-ишканалар, иш берүүчүлөр жана билим берүү уюмдары катышышты. Алар өз ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, бош орундар боюнча сунуштарын сунушташты. Иш-чарага Экономика жана укук колледжинин бүтүрүүчү тайпаларынын студенттери жана колледждин өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси  Н.А. Айылчиева да катышып, эмгек рыногундагы талаптар менен жакындан таанышып кайтышты. Жыйынтыктап айтканда, мындай иш-чаралар жаштарга кесиптик багыт берүүдө, эмгек рыногунун талабына ылайык адистерди даярдоодо жана жумушсуздукту азайтууда маанилүү роль ойнойт. “Бош иш орундар жана кесиптер жарманкеси” — жарандар менен иш берүүчүлөрдү байланыштырып, коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн маанилүү платформа болуп калды.