1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

157

Ар ишембидеги методикалык семинарлар  уланууда

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексинде адаттагыдай ар ишемби күнү академиялык саясат департаментинин директору Б.М. Турдубаева тарабынан окутуучулар үчүн методикалык семинарлар уюштурулуп келет. Иш-чаралар окутуунун сапатын жогорулатуу, педагогдордун кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү жана заманбап окутуу ыкмаларын практикада колдонууга багытталган. Семинарлардын алкагында төмөнкү темалар камтылды:

-«Сингапур методикасы, Кембридж окутуу технологиялары, жаңы стандарттар жана андагы жаңылыктар» темасындагы семинарда окутуунун заманбап методдорунун өзгөчөлүктөрү, алардын билим берүү процессиндеги ролу жана мамлекеттик билим берүү стандарттары менен болгон байланышы талкууланды. Катышуучулар сабакты пландаштырууда эл аралык тажрыйбаны колдонуу жана студенттердин критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү боюнча практикалык сунуштар менен таанышты.

-«Жалпы кесиптик компетенциялар, индикаторлору жана баалоо формалары. Окутуудагы баалоонун түрлөрү» темасындагы семинарда окутуучулар компетенцияга негизделген окутуу процессинде баалоонун түрлөрүн туура колдонуу, баалоо критерийлерин иштеп чыгуу жана калыптандыруучу баалоонун натыйжалуу ыкмаларын өздөштүрүштү. Бул семинар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окутуучулардын баалоо маданиятын өркүндөтүүгө багытталды.

-«Жашыл көндүмдөрдү өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсү жана туруктуу өнүгүүнүн максаттары» темасындагы семинарда “Жашыл көндүмдөр” предметин окутууда климаттын өзгөрүүсүнүн маселелерин жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарын интеграциялоонун жолдору талкууланды. Ошондой эле “Жашыл көндүмдөр” предметине байланыштуу жумушчу программа талкууланып, аны өркүндөтүү боюнча сунуштар берилди. Катышуучулар экологиялык билим берүүнүн усулдары, жашыл көндүмдөрдү өнүктүрүү жана жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле калыптандыруу боюнча методикалык сунуштар менен таанышты. Өткөрүлгөн методикалык семинарлар педагогдордун кесиптик компетенциясын жогорулатып, билим берүү процессин заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүүгө өбөлгө түздү.