1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

177

1

Ишемби күнкү методикалык семинарлар — окутуунун сапатын жогорулатуунун натыйжалуу жолу

    “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети “ илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинде  2025-2026- окуу жылынын сентябрь айынан баштап ишемби күндөрү окуу жайдын академиялык саясат департаментинин директору Б.М. Турдубаева тарабынан методикалык семинарлар үзгүлтүксүз өткөрүлүп жатат.  

Бул семинарлардын  негизги максаты — окутуучулардын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү, заманбап педагогикалык ыкмаларды өздөштүрүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Ар жума сайын уюштурулуп турган семинарларда ар кандай актуалдуу темалар талкууланып, катышуучулар тажрыйба алмашуу жана жаңы методикалык материалдарды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Семинарларга институттун директорлору, профессордук- окутуучулук курамы, бөлүм башчылары жана колледждердин окуу-усулдук иштери боюнча  инспектор  катышышты.Семинарда  төмөнкү темалар өтүлдү:

-“Жумушчу программаны түзүүнүн окутуунун сапатына тийгизген таасири”  Бул семинардын максаты — окуу процессин уюштурууда жумушчу программаны туура жана сапаттуу түзүүнүн маанисин түшүндүрүү, окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана мугалимдердин методикалык компетенциясын өнүктүрүү.                    Ошондой эле катышуучуларга жумушчу программаны заманбап талаптарга ылайык иштеп чыгуунун жолдору, структурасы жана мазмуну боюнча практикалык багыт берүү.Семинар учурунда жумушчу программаны түзүүдө мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптары, компетенттүүлүккө негизделген мамиле жана билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу механизмдери талкууланды. Катышуучулар практикалык мисалдар аркылуу сабактын планы менен жумушчу программа ортосундагы байланышты талдап чыгышты.

- “Жаңы келген окутуучулар үчүн учурдагы сабак. Ага даярдануунун оптималдуу жолдору” семинардын максаты : Жаңы келген окутуучуларды сабакка даярдануунун эффективдүү ыкмалары менен тааныштыруу, учурдагы сабактын структурасын жана мазмундук талаптарын түшүндүрүү, ошондой эле методикалык компетенцияларын өнүктүрүү аркылуу окутуунун сапатын жогорулатуу. Бул семинардын жүрүшүндө катышуучулар учурдагы сабакты уюштуруунун заманбап ыкмалары, окутуу максатын так аныктоо, окутуу материалдарын тандап алуу жана окутуунун интерактивдүү формаларын колдонуу боюнча практикалык сунуштар менен тааныштырылды. Жаңы келген окутуучулар сабакка натыйжалуу даярдануунун оптималдуу жолдорун өздөштүрүп, билим берүү процессинде жаңычыл ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

- Жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү. Семинардын максаты: Жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү предмети боюнча жумушчу программаны түзүүнүн мазмундук, методикалык жана практикалык аспектилерин талдоо, окутуучуларды компетенттүүлүккө негизделген окутуунун талаптарына ылайык программа түзүү ыкмалары менен тааныштыруу. Семинардын максатына ылайык катышуучуларга тренерлер  жумушчу программаны иштеп чыгууда студенттердин коммуникативдик, аналитикалык, топ менен иштөө жана лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган окуу максаттарын так аныктоо жолдорун өздөштүрүүгө багыт беришти. Семинар жыйынтыгында катышуучулар “Жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү” предметинин өзгөчөлүктөрүн жана анын билим берүү процессиндеги маанисин терең түшүнүштү. Окутуучулар жумушчу программаны түзүүдө компетенттүүлүккө негизделген мамилени колдонуу, студенттердин коммуникативдик, критикалык ой жүгүртүү жана команда менен иштөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган максаттарды туура аныктоо боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту. Катышуучулар ортосунда пикир алмашуу жүргүзүлүп, предметтин мазмундук бөлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштар берилди. Семинар жыйынтыгында ар бир окутуучу өз предмети боюнча жумушчу программаны өркүндөтүү жана сабактарды заманбап талаптарга ылайык уюштуруу боюнча конкреттүү багыттарды белгилеп алышты. Бул семинарлар  окутуучулардын методикалык даярдыгын бекемдөөгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга чоң салым кошту.