1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

147

Студенттердин мекеме жана ишканаларга өндүрүштүк практикага жайгашуусу

2025-жылдын 13-октябрында Экономика жана укук колледжинин Укук таануу адистигинин УТк-01-24, УТк-02-24, УТк-2-23 жана УТк-3-23 тайпаларынын студенттери өндүрүштүк практиканы өтөө максатында тиешелүү мекеме жана ишканаларга жайгаштырылышты. Студенттер Укук таануу ПЦКсынын практика жетекчиси Б. Жусупбекованын жетекчилиги алдында Манас шаарынын ички иштер бөлүмүнө, Манас шаардык сотуна, Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына, Жалал-Абад облустук сотуна, Жалал-Абад облустук сот департаментинин башкармалыгына, ошондой эле бир катар райондук мекеме жана ишканаларга келишимдердин негизинде жайгаштырылды. Практика жетекчилери практиканттарды тиешелүү мекеме жана ишканалардын өндүрүш жетекчилери менен тааныштырып, алардын түзүмү жана ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти.