1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

141

Студенттерди практикага жөнөтүү конференциясы

Экономика жана укук колледжинин  Укук таануу адистигинин УТк-01-24,   УТк-02-24, УТк-2-23 жана УТк-3-23 тайпалары окуу процессинин графигине ылайык 2025–2026-окуу жылынын 13-октябрынан 22-ноябрына чейин өндүрүштүк практиканы өтүү үчүн жөнөтүлүштү. Бул багытта студенттерди өндүрүштүк практикага жөнөтүү максатында атайын конференция уюштурулду. Иш-чарага Экономика жана укук колледжинин директору А. А. Ташматова, өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчи Н. А. Айылчиева, Укук таануу адистигинин ПЦК башчысы Г. А. Доноева жана практика жетекчилери катышышты. Конференциянын жүрүшүндө өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчи Н. А. Айылчиева практиканын максаттары, милдеттери жана өндүрүштүк практиканын жоболору тууралуу маалымат берди. Ал эми Укук таануу ПЦКсынын практика жетекчиси Б. Жусупбекова өндүрүштүк практиканын жумушчу программасы, студенттердин жол картасы, баалоо критерийлери, практика жетекчилеринин милдеттери жана техникалык коопсуздук менен жолдо жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрдү. Конференциянын жыйынтыгында студенттерге өндүрүштүк практиканы ийгиликтүү өтөөгө каалоо-тилектер айтылды.