1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 часа назад

11

ЭУКтун директору студенттер менен жыйын өткөрдү

Экономика жана укук колледжинин директору А.А. Ташматова колледждин 2-курсунун студенттери менен жыйын өткөрдү. Жыйынга тестирлөө борборунун директору А.Ж,Жолонбаева, окуу бөлүмүнүн инспектору Г.Сулайманова жана ЭУКтун окутуучулары катышты.

Күн тартибиндеги каралуучу маселелер

1. 2025-2026-окуу жылындагы негизги милдеттер, окуу жайдын багыттары, окуу жайдагы ички тартип эрежелери (студентке багытталган окуу процесси жөнүндө).

2. Учурдагы модуль, экзамен, зачет тапшыруунун, электрондук журналга баа алуу, студенттин жеке кабинети менен иштөө маселелери боюнча.

3. Ар түрдүү маселелер.

Бул жолугушуунун максаты окуу жай менен ар бир студенттин жеке байланышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, жаштарды билим алууларына татыктуу шарттарды түзүү жана аларды келечекке коомдо өз ордун татыктуу табууга шыктандыруу болуп саналат. Бул жыйында студенттер директорго өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, окуу, контракт, предмет жана семестр тууралуу маселелер талкууланды.

Тест борборунун жетекчиси А.Жолонбаева да студенттерге жыйында эң керектүү, пайдалуу маалыматтар айтылгандыгын белгиледи. Ошондой эле тест тапшыруу, андагы баллдардын чогулуусу боюнча кеңири маалымат берип өттү. ЭУКтун инжер-программисти Ф.Имодилаев болсо тестирлөө учурунда техникалык катачылыктарга жол бербөө максатында студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жыйынтыгында директор А.А.Ташматова биздин университетте билим алып жаткан студенттерге мыкты шарттар түзүлгөндүгүн, алардын бир гана окуу менен чектелбестен ар тараптуу өнүгүүсүнө толук шарт бар экендигин белгиледи.