Өз ара кызматташтык боюнча меморандум

Экономика жана укук колледжи менен Жалал-Абад облусу боюнча Кыргызстан элинин Ассамблеясы өз ара кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшту. Бул документ улуттар аралык ынтымакты чыңдоого, билим берүү, маданий жана агартуу долбоорлорун биргеликте ишке ашырууга, студенттердин толеранттуулугун өнүктүрүүгө, жарандык тарбиялоого жана Кыргызстан элинин биримдиги менен достугунун баалуулуктарын жайылтууга багытталган.
Меморандумга Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Жалал-Абад облусу боюнча президенти Тиллекеев К. А. жана Экономика жана укук колледжинин директору Ташматова А. А. кол коюшту.
Тараптар бул кызматташтык аймактагы окуу жайлар менен коомдук уюмдардын ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүгө өбөлгө боло турган маанилүү кадам экенине ишенимин билдиришти.