ЭУКта окутуучулар менен жыйын болду

Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрь күнү ЭУКта Экономика, укук таануу жана социалдык иш адистигинин окутуучулук курамы менен жыйын өткөрүлдү. Жыйынга ЭУКтун директору А.А.Ташматова жана жалпы окутуучулар катышышты.
Жыйында каралуучу маселелер.
1. Бир айлык текшерүүнүн жыйынтыгы. Окуу роцессинин жүрүшү боюнча.
2. Тестирлөө борборуна тестерди тапшыруунун абалы.
3. Ар түрдүү маселелер.
ЭУКтун директору Айнагуль Акылбековна жалпы окутуучулук курамды мугалимдер майрамы менен куттуктап, каалоо тилек айтуу менен баштады. Андан соң ар бир маселе боюнча кеңири токтолуп, текшерүүнүн жыйынтыгы андагы тайпалардын катышуусу, окутуучулардын сабагына катышуу, кечигүү, үзгүлтүккө учураган сабактар, окутучулардын сабакка даярдыгы боюнча сөз болду.
Экинчи маселе боюнча 2025-2026-окуу жылынын 1-жарым жылдыгынын тесттерин тапшыруу боюнча, рецензенттердин милдеттери, тесттин сапаты боюнча маселелер каралды.
Жыйындын жүрүшүндө scopusка макала жазуу, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр, иш-берүүчүлөр, башка колледждер менен байланышты бекемдөө боюнча сунуш-пикирлер айтылды.