1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

1 год назад

119

Өндүрүштүк практиканын жыйынтыгы

Б.Осмонов атындагы  экономика -юридикалык колледжинин 080107 Салык салуу  адистигинде    өндүрүштүк практиканы жыйынтыктоо конференциясы уюштурулду.  ССк-2-21 тайпасынын студенттери өндүрүштүк практиканы 23-октябрдан 2-декабрга чейин Жалал-Абад шаары боюнча мамлекеттик салык башкармалыгы жана Сузак району боюнча мамлекеттик салык башкармылыгында өтөштү.

Конференцияда студенттер өндүрүштүк практика боюнча түзүлгөн жол картанын негизинде отчет беришип, практика учурунда жетишкендиктери жана сунуштарын айтышты. Студенттин илимий изилдөө иштери боюнча Аширбекова Лазат жана Нурлан уулу Эрнис  презентация жасашты.  Практика жетекчилери практиканын жүрүшү боюнча ар бир студентке мүнөздөмө жана SWOT анализ  беришти.  Конференциянын аягында ЭЮКтун өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.Айылчиева практиканы текшерүү учурундагы жетишкендиктерди жана толуктоолорду студенттерге жана жетекчилерге айтуу менен жыйынтыктады.