Бош жумуш орундар жана кесиптик жарманке-2025

Экономика - юридикалык колледжинин экономика жана бухгалтердик эсеп, каржы, салык салуу, социалдык иш жана укук таануу адистиктеринин бүтүрүүчүлөру 17-апрель күнү "Жалал-Абад шаарында республикалык фестиваль жана Бош жумуштар орундар жарманкеси-2025" - аталыштагы иш чарага активдүү катышты. Иш чара Жалал - Абад шаарында өткөрүлдү. Фестивалдын максаты-чоңдорго билим берүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, инсандык жана кесиптик өнүгүүгө көмөк көрсөтүү жана жарандарга бош жумуш орундарын тартуу болуп саналат.