Профориентация

Профориентация жүргүзүү үчүн 8 – апрель 2025 - жылы Сузак районуна караштуу Кара – Дарыя айылында жайгашкан 6 мектепке барып келдик . Мектептердин 9 жана 11-класстарын чогултуп өзүбүздүн колледж боюнча маалымат бердик . Андан соң кыргыз тилинен окуучуларга тест берип , тесттин жыйынтыгы менен аларга сертификаттарды да тараттык . Профориентация өтүү үчүн барган ЖАМУнун , экономика – юридикалык колледжинин окутуучулары Мамырасулова Гулмира , Айдарбекова Анарбү , Жусупбекова Бурул , Исраилов Замирбек жана Сатымкулова Наргиза барып келдик