1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

67

ЭЮК 2024-2025-окуу жылынын 1-жарым жылдык отчетун тапшырды

Экономика-юридикалык колледжинде 2025-жылдын 4-мартында 2024-2025-окуу жылынын 1-жарым жылдыгынын отчету угулду. Бул жыйынга ЖАМУнун Лицензиялоо, аккредитациялоо жана билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн башчысы Г.Маматова, карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы З.С. Калыбекова жана окуу бөлүмүнүн инспектору Г.Сулаймановалар, ошондой эле ЭЮКтун жалпы профессордук-окутуучулук курамы катышты.

ЭЮКтун директору э.и.д., профессор А.Б. Карбекова 2024-2025-окуу жылынын 1-жарым жылдыгындагы колледждин окуу, окуу-усулдук, окуу-уюштуруу, илим-изилдөө, коомдук-тарбиялык иштери боюнча кеңири малыматтарды берди. Ар бир аткарылган иштер боюнча фотоотчет менен презентация жасалып, ЭЮКтагы стартап, практика, сапат кеңешинин иши боюнча да жооптуу окутуучулар тарабынан толук маалымат берилди.

Г. Маматова жана З. Калыбекова жана Г.Сулаймановалар тарабынан окуу процессинин жүрүшү, практика жана мониторинг боюнча 30дан ашуун берилген ар бир суроого жооп берилди. Жыйынтыгында ЭЮКтун 1-жарым жылдыгына карата берилген отчету канааттандырарлык деп бааланып, колледждин профессордук-окутуучулук курамына ийгиликтерди каалашты.