1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

136

ЭЮКтагы ачык сабак

9.12.24 ЖББ ПЦК нын орус тили жана адабияты мугалими Осмонова Н.К.СРк-2-24 группасы менен орус адабияты сабагынан «Хаджи Мурат» деген аталышта ачык сабак отту.  Окутуучу Осмонова Н. К.техникалык каражаттарды пайдаланып,сабактын максаттарын: өнүктүрүүчү, тарбиялык билим беруучулук туура түзгөн.Окуучулардын топтук иштери натыйжалуу уюштурулуп, сабактарга эпиграфтар тандалып, словардык иштери жүргүзүлдү, окуучулардын адабият боюнча билимдерди өздөштүрүүсүнө көңүл бурулду.Топтук иште кластер,Венндин  диаграммасы,синквейн ж.б.уюштурулду. Баалоо критерийлери түзүлдү.Видеопрезентация балдарга материалды кайталоого жардам берди. Студенттердин сөзү негизинен сабаттуу болгон. Топтук ишти уюштуруу критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жардам берди. Проблеманын үстүндө биргелешип иштөө менен окуучулар ар кандай идеялардын арасынан тандоо жасашты, өз сунуштарын аргументтешти жана башкалардын ой-пикирлерин угушту, жооптуу чечимдерди кабыл алышты, объективдүү баа беришти  . Топтун мүчөлөрү бирдиктүү жамаатты түзүүгө жетишти, анда бардык катышуучулар бири-биринин пикирин угуп, салмактуу, жамааттык чечимдерди кабыл алышты. Баалоо этабында өзүн-өзү баалоо жана өз ара баалоо колдонулган. Өткөрүлгөн сабак өз максатына жетти.