Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик

Экономика-юридикалык колледжинде Кыргыз Республикасынын Президентинин №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында БЭК-3-24 тайпасынын куратору Н.Айылчиева тарбиялык ачык сабак өттү.
Сабактын максаты студенттерди “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгы менен тааныштыруу жана Жарлыгдын максатын, маанисин түшүндүрүү. Сабак Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды.Студенттер сабакта Манастын жети осуятын, улуттук дем, жарлыкта камтылган жаңы терминдерди талкуулашып, өз ойлорун айтышып топтордо иштешти.
Н. Айылчиева сабакты интерактивдүү усулдарды пайдалануу менен өттү. Жарлыктын максаты жарандарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун сапатын мындан ары жакшыртуу, элдик каада-салттарды кайра жандандыруу, руханий жактан бай жана адеп-ахлактуу инсанды калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккандыгын Н.Айылчиева айтты.