Улуттук банкта жолугушуу
2024-жылдын 5-декабрында экономика-юридикалык колледжинин экономика ПЦКсынын окутуучулары Курманбекова Айпери жана Курстанбекова Бактыгүл Курстанбековна Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгында кызматкерлер менен пландуу жолугушууга катышты. Кыргыз Республикасы өлкөнүн калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларды өткөрүү маселелери боюнча. Жыйынга КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Жалал-Абад шаардык мэриясынын, жогорку окуу жайларынын жана Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Жолугушууда 2024-жылы а өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы талкууланып сунуш,ой-пикирлер айтылды. Өнөктөштөргө ыраазычылыктар айтылды. Мындан сырткары 2025-жылга пландалган иш-чаралар байма-бай уюштурулуп турарын белгилеп өттү.