Студент жана илимий конференция
ОшМУда " студент жана илимий - техникалык прогресс" аттуу XI аймактык студенттик илимий конференция болуп өттү.Конференцияга ЖАМУнун ЭЮКтун студенттери активдүү катышып 1-2-3- даражадагы дипломдорго ээ болушту. Конференцияга түштүк регионундагы бардык жогорку жана орто окуу жайлардын жаш илимпоздору катышты. Биздин студенттер магистр, жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттердин арасынан мыкты көрсөткүч көрсөткөндүгү менен бизди кубантты.Ушундай даражада даярдаган илим боюнча жооптуу ЖББ ПЦКсынын төрагасы М.Ж.Асановага жана өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А.Айылчиевага ийгиликтерди каалайбыз.Баарынарга ден соолук жана ийгилик.