ТИЛИМ МЕНЕН УЛУТМУН, ДИЛИМ МЕНЕН УЛУКМУН
Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин Социалдык иш адистигинде 2023-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына карата “Тилим менен улутмун, дилим менен улукмун” аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү. СРк-01-23 жана СРк-2-22 тайпаларынын арасында конкурс өткөрүлдү. Студенттер эли - жерибизди, тилибизди даңазалаган ыр саптарын, обондуу ыр,бий, көркөм окуу, макал айтышып, өз өнөрлөрүн (комуз күүсү,манас айтуу) көрсөтүштү. Конкурстун жыйынтыгында, СРк-01-23 тайпасы жеңишке жетип, I даражадагы диплом ,СРк-2-22 тайпасы I I даражадагы диплом жана тайпалардагы активдүү катышкан талантуу студенттер грамоталар менен сыйланышты.