Практикада студенттердин кесиптик компетенцияларынын калыптануусу
ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин социалдык иш ПЦКсынын практика жетекчиси А.А.Ташматова иш берүүчүлөр менен биргеликте “Практикада студенттердин кесиптик компетенцияларынын калыптануусу” аттуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Жалал-Абад шаардык социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Шамиева Эркайым Камаловна, ошондой эле эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Жакыпова Назира Алмазбековналар болду. А.А.Ташматова практиканын түрлөрү, өтүлүшү жана максаттары тууралуу токтолуп, практика – бул адис болуунун алгачкы кадамы экендигин баса белгиледи. Анткени студенттердин кесиптик компетенцияларын калыптандыруунун негизги этабы ушул практика учурунда экендигин айтты.
Жалал-Абад шаардык социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Э.К.Шамиева практикант студенттер үчүн шарттар каралганын, ар бир бөлүм боюнча кеңири маалымат берилип жаткандыгын белгилеп өттү. Ошондой эле ЭЮКтун студенттерине кесиптик компетенциядарды калыптандырууда кеп кеңештерин берди.
Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Н.А. Жакыпова да жолугушуунун жүрүшүндө практикант студенттерге практиканы жоопкерчилик менен өтөөнү, андагы адис катары калыптануунун чоң мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеп козгоду.
Жолугушуунун жыйынтыгында практиканын бир нече маселелери каралып, практикада студенттердин кесиптик компетенцияларынын калыптануусунда стейкхолдерлердин орду чоң экендигин баса белгиленип, иш-чара ийгиликтүү аяктады.