ЭЮКта кезектеги конок лекция

2024-жылдын 13-ноябрда Экономика-юридикалык колледжинин директору э.и.д., профессор А.Б.Карбекова Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Ч.С.Турдубаева, жетектөөчү адис А.К.Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Статистикалык изилдөө жана квалификацияны жогорулатуу институтунун директору С.З.Сейдахматова, эксперт Ч.Т.Рысбекова, Жалал-Абад областык статистика башкармалыгынын башчысы И.А.Масабировтор менен жолугуштуу. Жолугушуунун жыйынтыгында ЭЮКтун экономика, социалдык иш, укук таануу адистигинин студенттери менен “Статистиканы үйрөнөбүз” аталышындагы конок лекция уюштурулду. Конок лекциянын максаты студенттерге статистика боюнча жалпы маалымат берүү болуп, анда төмөнкү маселелер каралды.
Статистика деген эмне?
Статистика эмне иш кылат?
Эмне үчүн статистиканы билүү маанилүү?
Кыргызстандагы статистика
Статистиканы көндүмдөрүн үйрөнүү
Кыргызстандын географиялык жана демографиялык мүнөзмөлөрү
Кыргызстандын калкынын сабаттуулугунун деңгээли ж.б.у.с.
Конок лекция статистикалык көрсөткүчтөрдү камтыган видео-слайд менен коштолду. Жыйынтыгында студенттерге берилген маалыматтын негизинде викторина уюштурулуп, туура жооп берген студенттерге Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кызыктыруучу белектер берилди.
ЭЮКтун директору э.и.д., профессор А.Б.Карбекова КРнын Улуттук статкомитетинин кызматкерлерине өз ыраазычылын билдирип, конок лекция студенттер үчүн келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө маанилүү маалыматтарды алгандыгын жана ошондой эле мындан ары байланыштуу бекемдөөнү, бүгүнкү жолугушуу жемиштүү болгонун белгилеп өттү.