Практика-келечек кесипке кадам
Экономика-юридикалык колледжинде экономика жана бухгалтердик эсеп, каржы (тармактар боюнча), салык салуу, социалдык иш жана укук таануу адистигинин 3-курстары 4-ноябрдан 14-декабрга чейин 2024-2025-окуу жылынын окуу графигине ылайык өндүрүштүк практикага чыгышат. Өндүрүштүк практикага чыгаар алдында Жалал-Абад шаарындагы, райондордогу бир канча мекеме ишканалар менен келишимдер жаңыланды. Студенттерди өндүрүштүк практикага жөнөтүп жатып конференциялар уюштурулду. Конференцияларга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлумүнүн башчысы З.Садыковна, бөлүмдүн адиси Нурия Султановна, ЭЮКтун директору Азиза Баймаматовна жана практика жетекчилери катышты. Конференцияда өндүрүштүк практиканын жобосу, максаттары, милдеттери, студенттер үчүн түзүлгөн жол карта менен тааныштырылып, күндөлүктү толтурууну жана отчетту туура жазуунун жолдорун практика жетекчилери айтышты.Студенттер конференция учурунда практика жетекчилерине суроолорду берип жоопторду ала алышты.Уюштурулган конференциялар өз максатына жетти-деп билдирет ЭЮКтун өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А.Айылчиева