ЭЮКта ата-энелер жыйыны
2024-25-окуу жылынын 14-октябрында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин СРк-2-24 тайпасында ата-энелер жыйыны болуп өттү. Жыйынга тайпанын ата-энелери жана куратору Осмонова Н.К. катышышты.
Куратор Н.К.Осмонова алгач күн тартибиндеги каралуучу маселелер менен тааныштырды жана колледждеги окуу процесси туурасында айтып өттү. Ошондой эле жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, билим алуунун башкача баскычтарын өздөштүрө алышканын баса белгиледи. Куратор окуу процессиндеги AVN системасы, электрондук журнал,модуль, экзамен боюнча ата-энелерге кенири маалымат берди.
Тайпанын куратору ата-энелерге окуу төлөмдөрү боюнча, АVN порталы боюнча студенттер аны менен иштей билүүсү тууралуу маалыматтар берилди.
Чогулуштун аягында ата-энелер окутуучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.