1-Октябрь карылар күнү
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин директору А.Б.Карбекова, ЭЮКтун окуу иштери боюнча директордун орун басары А.А.Ташматова, социалдык иш ПЦКсынын окутуучулары жана студенттери Кызыл Ай Коому менен биргеликте 1-октябрь Карылар күнүнө карата Октябрь айылындагы карылар үйүнө барып, аларды майрамы менен куттуктап, концерттик программасын көргөзүшүп, белектерин тапшырып, майрамдык маанай тартуулап келишти.
Студенттер карыларга сый-урмат менен мамиле жасоо керек экендигин жана ата-энелерин көзү барда сыйлап, барктоо керектигин түшүнүштү.