1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

1 год назад

95

1

ЭКОНОМИКА-ЮРИДИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин Жалпы билим берүү ПЦКсынын кураторлору тарабынан 27-октябрь күнү ата-энелер чогулушу уюштурулду.Чогулушка 1-курстун ата-энелери келишти.Экономика-юридикалык колледжинин директору э.и.д., профессор А.Б.Карбекова 2023-2024-окуу жылына карата жүргүзүлүүчү иштер, студенттердин билим жаатындагы көрсөткүчтөрү, олимпиада, коомдук иштерге активдүү катышуусу, кошумча ийримдерге баруусу жөнүндө сөз сүйлөдү. Колледждин окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.А.Ташматова авн системасы жана студенттердин сабакка жетишүүсү боюнча айтты. Өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А.Айылчиева практиканын түрлөрү, жобосу жана ишке жайгашуучу базалар менен тааныштырды. Жалпы билим берүү ПЦКсынын төрагасы М.Асанова жана тарбия иштери боюнча жооптуу Аззам уулу Гайназар студенттердин тартиби жана сабакка кечигип келүүлөрү жөнүндө сөз сүйлөшүп, ата-энелерди өз балдарын көзөмөлдөөгө чакырды жана сабак бүткөндөн кийинки учурда студенттерге куратор жооптуу эместигин эскертти.Чогулуштун жүрүшүндө ата -энелер менен кураторлордун ортосунда студенттердин сабакка кактышуу жана жетишүүсү тууралуу баарлашып , сурамжылоо баракчасын толтурушту. Чогулуштун жыйынтыгында ата-энелер колледждин окутуучулар жамаатына ийгилик каалап, ЖАМУнун 100 жылдык мааракеси менен куттуктады.