1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

7 месяцев назад

201

ЭЮКта мамлекеттик аттестациялоо ийгиликтүү аяктады

     Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде  экономика жана бухгалтердик эсеп, каржы, салык салуу, социалдык иш жана укук таануу  адистигинин БЭК-01-22, БЭк-2-21, СРк-2-21, ССк-2-21, УТк-01-22, УТк-2-21 жана ФК-2-21 тайпаларынын студенттери мамлекеттик аттестациялоону  тапшырышты. ЭЮКта жалпы 126 бүтүрүүчү мамлекеттик сынакты ийгиликтүү тапшырып, билим уясы болгон окуу жайыбызга, окутуучуларга  жаштарга билим, тарбия берүүдө талыкпас эмгекти , чыгармачылык ийгиликтерди каалап ыраазычылыктарын билдиришти. Ал эми ЭЮКтун  директору э.и.д., профессор А.Карбекова бүтүрүүчүлөргө  ак жол каалап,  жогорку билим алууда ЖАМУнун  факультеттерине тапшырууну сунуштады.