ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ -ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
Экономика-юридикалык колледжинин окутуучулары Карим кызы Лунара жана Айылчиева Н Өзбекстан Республикасынын Кокон шаарындагы педагогикалык институту жана "Science and Innovation" журналы уюштурган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти.
Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Корея, Индия, Турция жана Россия республикасынан профессорлор, окутуучулар, магистранттар келип катышышты. Конференцияда ЭЮКтун окутуучулары ЖАМУнун тарыхы жана 100 жыл ичинде жетишкендиктери жөнүндө тааныштырып, илимий докладдарын окушуп, ыраазычылык кат алышты. Кокон педагогикалык институту менен экономика-юридикалык колледжи академиялык мобилдүүлүк алкагында келишимдер түзүлдү.