1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

7 месяцев назад

102

МЕКЕНДИ КОРГОО-ЫЙЫК МИЛДЕТ !

           Экономика-юридикалык колледжинде 29- май күнү Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнө карата биринчи курстар арасында “Мекенди коргоо – ыйык милдет” урааны алкагында, аскердик-спорттук мелдеши уюштурулду. Мелдешти колледждин  дене тарбия жана аскерге  чейинки  даярдоо жетекчиси Разаков М, аскерге чейинки даярдоо предметинин   окутуучусу Бекенов Т, жана дене тарбия окутуучулары  уюштурушту. Мелдештин максаты: 29- май Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн  түзүлгөн күнүн белгилөө; студенттерди патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө, коргоого чакыруу; спорт менен машыгуу,  дени сак жашоо образын күчөтүү менен сергек  жашоого  үндөө; студенттердин  арасында достук маанайды жаратуу; студенттердин  арасында ынтымак-ырашкерчиликти, өз ара мамилелерди,  карым-катнашты бекемдоо.Төмөнкү спорттук мелдештердин түрлөрү ойнотулду:  100 метрге убакытка жүгүрүү , граната ыргытуу көнүгүүсү, пневматикалык ок атуу куралы менен мишенге атуу жана  тайпалар арасында аркан тартыш мелдеши. Мелдеш АТФынын футбол аянтчасында өттү.  Мелдешке жети команда катышты. Студенттер иш чарага активдүү катышып 1-2-3 даражадагы дипломдор менен сыйланышты.